2026-10-27 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы №4085, №4086, №4087 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 5-сессиясынын

2026-жылдын 8 сентябры

Т О К Т О М У

№5/1

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы №4085, №4086, №4087 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө

Ак-Талаа райондук аймактык комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы №4085, №4086, №4087 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Кара-Бургөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн  айыл аймагындагы №4085, №4086, №4087 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)
  1. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Ак-Талаа райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
  1. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык кеңешин                   8-сентябрындагы 2026-жылдагы кезексиз  №5 сессиясынын     №5/1  токтомуна   тиркеме

Кара-Бүргөн  айыл аймагындагы №4085, №4086, №4087 участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү үчүн сунушталган талапкерлердин сапаттык курамы

№

А.А.А.

ИНН

Туулган күнү, жылы

Билими

Иштеген жери

Шайлоодогу иш тажрыйбасы

Ким тарабынан көрсөтүлдү

Үй дареги, телефону

№4085 УШК

1

Атабекова Рита Куляевна

12606198000112

26.06.1980

жогорку

Клуб башчы

4 жыл

Ж.Жусупбаева көчөсүнүн жашоочулары тарабынан

Кара-Бүргөн айылы.       Ж.Жусупбаева №33                        

2

Момуналиева Жазгүл Карганбековна

10405198401160

04.05.1984

Жогорку

мугалим

-

М.Базаркулов атындагы ЖББМ эмгек жамааты  тарабынан

Кара-Бүргөн айылы.и К.Мааметов №10 

0708607821

3

Жоробекова Чынара Жеңишбековна

12710198500427

27.10.1985

жогорку

мугалим

-

М.Базаркулов ЖББМ эмгек жамааты тарабынан

Кара-Бүргөн айылы. Ж.Жусупбаев  №38    0770788035

4

Кожоева Айсулуу Сүйөрбековна

11801198000505

18.01.1980

жогорку

№4 ҮДТ мед айым

-

№4 ҮДТ эмгек жамааты тарабынан тарабынан

Кара-Бүргөн айылы.   Э.Акунова №9       0700952795

№4086   УШК

1

Ибраимова Асель Турдубековна

11410197800068

14.10.1978

Кесиптик орто

Ак-Чий ФАП мед айым

-

Аялдар кеңеши тарабынан

Ак-Чий  айылы.

Чиркей Секиев  №29

0707337955

2

Смайылбекова Гүлайым Райымбековна

11607197700467

16.07.1977

Кесиптик орто

М.Балбаков атындагы ЖББМ мугалим

20 жыл

М.Балбаков атындагы ЖББМ эмгек жамааты тарабынан

Ак-Чий айылы

Ч.Секиев  №34

0776979871

3

Темирбекова Майрам Темирбековна

13108200200634

31.08.2002

Жогорку.

Нур-Эл бала бакчасында тарбиячы

-

Нур-Эл МЧББУ эмгек жамааты тарабынан

Жаңы-Тилек  айылы

Т.Байсалов  №28

0708780156

4

Агыбаева Аида Искендеровна

12107198400510

21.07.1984

жогорку

мугалим

 5жыл

М.Балбаков атындагы ЖББМ эмгек жамааты тарабынан

Ак-Чий айылы

Ч.Секиев №50

0700160278

№4087      УШК

1

Мурзабекова Наргиза Манаповна

12008198800830

20.08.1988

жогорку

мугалим

-

Т.Байсалов атындагы көчөсүнүн жашоочулары тарабынан

Жаңы-Тилек айылы.

Т.Байсалов №14

0707354968

2

Рысбекова Турсунай

Жакшылыковна

12411197000110

24.11.1970

Кесиптик орто

Бала бакча тарбиячы

5 жыл

Нур-Ал МЧББ эмгек жамааты тарабынан

Жаңы-Тилек айылы.

Т.Байгашкаев №8

0700850498

3

Ишеналиева Эльзат Эрмеккановна

12103198900625

21.03.1989

Жогорку.

Бала бакча тарбиячы

-

Нур-Ал МЧББ эмгек жамааты тарабынан

Жаңы-Тилек айылы.

Т.Байсалов №38

0500201629

        Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин катчысы                                                                             Төрөбек кызы Марипа      

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгын аткарууга карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын

2026-жылдын 5 октябры

Т О К Т О М У

№6/1

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгын аткарууга карата уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө

“Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын  3-сентябрындагы  “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” №309 Жарлыгы  аткарууга алынсын.
  1. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана  өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
  2. Кара-Бүргөн айыл аймагында 2026-жылдын 8-октябрынан 10-октябрына чейин жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин.                         (№2 тиркеме тиркелет)
  3. Кара-Бүргөн  айыл аймагынын калкынын саны 3380 адам болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына өкүлдөрдүн  жалпы саны  30  өкүл деп бекитилсин.   (№3 тиркеме тиркелет)
  4. Кара-Бүргөн айыл аймагынын (көчө, кварталдар) калктын санына жараша квота эсептелип бекитилсин.  (4-тиркеме тиркелет)
  5. Кара-Бүргөн айыл аймагында Кезектеги V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны өтүлүүчү жер аныкталсын.                  (№5 тиркеме тиркелет)
  6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
  7. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  8. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

Кара-Бүргөн айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  5-октябрь    2026-жылдагы

кезексиз  №6 сессиясынын                                     №6/1  токтомуна   №1 тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагында  Кезектеги V Элдик Курултайды уюштуруу боюнча  жергиликтүү жумушчу тобунун курамы

№

    А.А.А.

Кызматы

Жумушчу топтогу ролу

1

Кемелов Билимбек Ильясович

Айылдык кеңештин төрагасы

Төрага

2

Рысбаева Медина Мелисовна

Кара-Бүргөн айылдык кеңештин орун басары

Орун басар

3

Төрөбек кызы Марипа

Жооптуу катчы

катчы

4

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

мүчөсү

5

Чокморов Жантай Сексенбешович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

6

Курманбекова Калима Курманбековна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

7

Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

8

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

9

Курманбек уулу Берди

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

10

Ормонов Урматбек Жанболотович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

Мүчөсү

11

Байсеркеева Валентина Жумадиловна

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

мүчөсү

12

Токтокуев Жалил Ниязбекович

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин  депутаты

мүчөсү

13

Дүйшөналы уулу Акыл

Кара-Бүргөн айылынын айыл башчысы

мүчөсү

14

Дөөлөталиев Нурбек Букчунович

Жаңы-Тилек айылынын айыл башчысы

Мүчөсү

15

Саалиев Жалил Абдыкапарович

Ак-Чий айылынын тургуну

мүчөсү

Жооптуу катчы                                                        Төрөбек кызы Марипа

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин  5-октябрь  2026-жылдагы

кезексиз   №6  сессиясынын                                №6/1  токтомуна  №2  тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагында 2026-жылдын 8-октябрынан 10-октябрына чейин жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги

№

Көчөлөрдүн аталышы

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

 Уюштуруучулар

1

Ак-Чий айылы

Чиркей Секиев көчөсүндө

8-октябрь

2026-жыл

 саат 10-00

Рысбаева Медина Мелисовна

Ормонов Урматбек Жанболотович

Саалиев Жалил Абдыкапарович

2

Ак-Чий айылы

Уста Турдуке  көчөсүндө

8-октябрь

 2026-жыл

 саат 14-00

Рысбаева Медина Мелисовна

Ормонов Урматбек Жанболотович

Саалиев Жалил Абдыкапарович

3

Жаңы-Тилек айылы

Турусбек Байсалов көчөсүндө

9-октябрь

2026-жыл

 саат 10-00

Токтокуев Жалил Ниязбекович

Байсеркеева Валентина Жумадиловна

Дөөлөталиев Нурбек Букчунович

4

Жаңы-Тилек айылы

Карабала Байкашкаев көчөсүндө

9-октябрь

2026-жыл

 саат 14-00

Токтокуев Жалил Ниязбекович

Байсеркеева Валентина Жумадиловна

Дөөлөталиев Нурбек Букчунович

5

Кара-Бүргөн

Жусупбева Жибек

атындагы көчө 1

8-октябрь

2026-жыл

 саат 10-00

Кемелов Билимбек Ильясович

Курманбек уулу Берди

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Дүйшөналы уулу Акыл

6

Кара-Бүргөн

Жусупбева Жибек

атындагы көчө 2

8-октябрь

 2026-жыл

 саат 12-00

Кемелов Билимбек Ильясович

Курманбек уулу Берди

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Дүйшөналы уулу Акыл

7

Кара-Бүргөн

Кыдыршаев Токтогул

атындагы көчө 1

8-октябрь

2026-жыл

 саат 14-00

Кемелов Билимбек Ильясович

Курманбек уулу Берди

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Дүйшөналы уулу Акыл

8

Кара-Бүргөн

Кыдыршаев Токтогул

атындагы көчө 2

8-октябрь

2026-жыл

 саат 16-00

Кемелов Билимбек Ильясович

Курманбек уулу Берди

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Дүйшөналы уулу Акыл

9

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө 1

8-октябрь

2026-жыл

саат 18-00

Кемелов Билимбек Ильясович

Курманбек уулу Берди

Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна

Дүйшөналы уулу Акыл

10

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө 2

9-октябрь

2026-жыл

 саат 10-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

11

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө  3

9-октябрь

 2026-жыл

 саат 12-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

12

Кара-Бүргөн

Калчабаев Тутун

атындагы көчөсү 1

9-октябрь

2026-жыл

 саат 14-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

13

Кара-Бүргөн

Калчабаев Тутун

атындагы көчөсү  2

9-октябрь

2026-жыл

 саат 16-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

14

Кара-Бүргөн

Токтосун Топчубеков

атындагы көчөсү1

9-октябрь

2026-жыл

саат 18-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

15

Кара-Бүргөн

Токтосун Топчубеков

атындагы көчөс ү2

9-октябрь

2026-жыл

саат 19-00

Курманбекова Калима Курманбековна

Чокморов Жантай Сексенбешович

Дүйшөналы уулу Акыл

16

Кара-Бүргөн

Байсогур уулу Куланбек

атындагы көчөсү

10-октябрь

2026-жыл

саат 10-00

Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Дүйшөналы уулу Акыл

17

Кара-Бургөн

Мааметов Капар  атындагы көчөсү

10-октябрь

2026-жыл

саат 12-00

Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Дүйшөналы уулу Акыл

18

Кара-Бүргөн

Акунова Эрмек атындагы көчөсү

10-октябрь

2026-жыл

саат 14-00

Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Дүйшөналы уулу Акыл

19

Кара-Бүргөн

Макеш ата көчөсу

10-октябрь

2026-жыл

саат 16-00

Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбекович

Тыналиев Съездбек Алтымышович

Дүйшөналы уулу Акыл

  Жооптуу катчы                                                                  Төрөбек кызы Марипа

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин  5-октябрь  2026-жылдагы

кезексиз  №6 сессиясынын                                  №6/1 токтомуна   №3 тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына делегаттарынын саны жана квотасы

№

 Айылдардын  аталышы

 Калкынын саны

 Берилүүчү квотанын саны

1

Ак-Чий айылы

566

5

2

Жаңы-Тилек айылы

487

4

3

Кара-Бүргөн айылы

2327

21

БААРЫ

3380

30

Жооптуу катчы                                                                    Төрөбек кызы Марипа

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-октябрь   2026-жылдагы

кезексиз   №6 сессиясынын                                №6/1 токтомуна   №4  тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагынын (көчө, кварталдар) калктын санына жараша квотасы

№

Айылдын аталышы

Көчөлөрдүн кварталдардын аталышы

Калкынын саны

1 квотага тийиштүү

Берилүүчү квотанын саны.

1

Кара-Бүргөн

Жусупбева Жибек

атындагы көчө 1

198

1,78

2

2

Кара-Бүргөн

Жусупбева Жибек

атындагы көчө 2

127

1,14

1

3

Кара-Бүргөн

Кыдыршаев Токтогул

атындагы көчө 1

192

1,73

2

4

Кара-Бүргөн

Кыдыршаев Токтогул

атындагы көчө 2

235

2,12

2

5

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө 1

97

0,87

1

6

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө 2

228

2,13

2

7

Кара-Бүргөн

Шербалиева Гүлбаары

атындагы көчө  3

237

2,13

2

8

Кара-Бүргөн

Калчабаев Тутун

атындагы көчөсү 1

137

1,23

1

9

Кара-Бүргөн

Калчабаев Тутун

атындагы көчөсү  2

138

1,24

1

10

Кара-Бүргөн

Токтосун Топчубеков

атындагы көчөсү1

187

1,68

2

11

Кара-Бүргөн

Токтосун Топчубеков

атындагы көчөс ү2

145

1,30

1

12

Кара-Бүргөн

Байсогур уулу Куланбек

атындагы көчөсү

117

1,05

1

13

Кара-Бургөн

Мааметов Капар  атындагы көчөсү

68

0,61

1

13

Кара-Бүргөн

Акунова Эрмек атындагы көчөсү

125

1,12

1

14

Кара-Бүргөн

Макеш ата көчөсу

96

0,86

1

15

Ак-Чий

Чиркей Секиев көчөсү

347

3,06

3

16

Ак-Чий

Уста Турдуке көчөсү

219

1,93

2

16

Жаңы-Тилек

Байсалов Турусбек

297

2,43

2

17

Жаңы-Тилек

Карабала Байгашкаев

190

1,56

2

ЖАЛПЫ

3380

30

Жооптуу катчы                                                                    Төрөбек кызы Марипа

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-октябрь   2026-жылдагы

кезексиз  №6 сессиясынын                                 №6/1 токтомуна   №5  тиркеме

Кара-Бүргөн айыл аймагында Кезектеги V Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны өтүлүүчү жер

№

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

убактысы

 Уюштуруучулар

1

Кара-Бүргөн

Ак-Чий  айылдык клубунун имараты

Уста Турдуке атындагы көчөсү №33

24-октябрь

2026-жыл

 саат 10-00

жумушчу  топ

   Жооптуу катчы                                                                Төрөбек кызы Марипа

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылына МАП куруу үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын

2026-жылдын 5 октябры

Т О К Т О М У

№6/2

Кара-Бүргөн айылына МАП куруу үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө

Кара-Бүргөн айылында милициянын таяныч пунктун (МАП) куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесинин 2-бөлүгүн, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун, 27, 28 жана 30-беренелерин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 27-34-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кара-Бүргөн  айылына милициянын таяныч пунктун куруу үчүн муниципалдык менчиктеги жер фондунан аянты 0,05га                                      (500 чарчы метр) болгон жер тилкесин бөлүп берүү учүн  макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жаңы-Тилек айылына көрүстөн үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын

2026-жылдын 5 октябры

Т О К Т О М У

№6/3

Жаңы-Тилек айылына көрүстөн үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жаңы-Тилек айылындагы    № 610  контурундагы жайгашкан 9,8га   жайыт жер категориясынан   өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которууга макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2026-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын

2026-жылдын 5 октябры

Т О К Т О М У

№6/4

Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2026-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин ” негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. ЖКХ 3111-берене 468,0 сом, бала бакча  2212-берене 118,8 сом, бала бакча 3111-берене 8,4 сом жалпы 596,1 сом төмөндөгүдөй максатта пайдаланылсын.

  1. Бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнгөн мүчөлүк акысы 1200 сом көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу 505,8 сомго кошумча смета ачылсын.

                                                                 АППАРАТ

Аталышы

берене

баары

Ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (ардактуу атуул, медаль, кубөлүк алууга)

2215

20,0

Машиналар камсыз кылуулар (микротик алууга)

3112

6,0

баары

26,0

АППАРАТ СПЕЦ

Аталышы

берене

баары

Машиналар камсыз кылуулар

3112

10,0

баары

10,0

     ЖКХ

Аталышы

берене

баары

Машиналар камсыз кылуулар (гараж, футбол аянтчага электр эсептегич алуу)

3112

20,0

             баары

20,0

 СОЦ ТАРМАК

Аталышы

берене

баары

3-декабрь ДМЧ жарандарга белек алууга 80,0

Баткен күнүнө карата конпенсация берүүгө18,0

Социалдык жардамга көмүр алууга 104,0

         2721

     202,0

баары

202,0

БАЛА БАКЧА

Аталышы

берене

баары

Машиналар камсыз кылуулар (Нур-Эл, Жамал апа балдар бакчасына видеокөзөмөл алууга)

3112

117,2

             баары

117,2

МЕКТЕП

Аталышы

берене

баары

Машиналар камсыз кылуулар (М. Базаркулов мектебине электроплита, нан бышырган плита алууга)

3112

220,9

             баары

220,9

ЖАЛПЫ

596,1

БАЛА БАКЧА СПЕЦ

Аталышы

берене

баары

Тамак аш алууга

2218

505,8

      баары

505,8

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
  3. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттерндирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жаңы-Тилек айылына баруучу автомобиль жолунун укуктук статусун аныктоо жана мамлекеттик менчикке өткөрүү маселесин кароо жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 6-сессиясынын

2026-жылдын 5 октябры

Т О К Т О М У

№6/5

Жаңы-Тилек айылына баруучу автомобиль жолунун укуктук статусун аныктоо жана мамлекеттик менчикке өткөрүү маселесин кароо жөнүндө

Жаңы-Тилек айылына баруучу автомобиль жолунун үзгүлтүксүз иштешин, калктын коопсуз жана тоскоолдуксуз каттамын камсыз кылуу, жолду талаптагыдай күтүү жана оңдоо маселелерин чечүү, ошондой эле анын укуктук статусун аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамын жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Баетов–Кош-Дөбө автомобиль жолунан Жаңы-Тилек айылына баруучу автомобиль жолунун укуктук статусун аныктоо жана аны мамлекеттик менчикке өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселеси колдоого алынсын.

  1. Кара-Бүргөн  айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди жүргүзүү тапшырылсын:

-жолдун башталышын, аяктоо чекитин, узундугун, туурасын жана техникалык абалын тактоо;

- жолдун жер тилкесинин кадастрдык абалын, менчик формасын жана укуктук документтерин аныктоо;

-жолдун мурда мамлекеттик же муниципалдык жолдордун тизмесине киргизилген-киргизилбегенин тактоо;

-жолду жеринде комиссиялык текшерүүдөн өткөрүп, тиешелүү акт жана схема даярдоо;

-жолдун укуктук статусун аныктоо үчүн зарыл документтерди топтоо.

  1. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкү маселелерди кароо жөнүндө расмий кайрылуу жөнөтүлсүн:

-жолдун категориясын жана укуктук статусун аныктоо;

-жолду жалпы пайдалануудагы мамлекеттик автомобиль жолдорунун тизмесине киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

-жолду мамлекеттик менчикке өткөрүүнүн мыйзамдуу жол-жобосун аныктоо;

  1. Жыйынтыгында жол муниципалдык менчикте экени аныкталса, аны мамлекеттик менчикке өткөрүү маселеси тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу органдардын катышуусу менен өзүнчө каралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2026-жылдын 9 айындагы аткарылышы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын

2026-жылдын 13 октябры

Т О К Т О М У

№7/1

Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2026-жылдын 9 айындагы аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2026-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын жана программаларын ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтү тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы «канааттандыраарлык» деп баалансын.
  2. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

- 2026-жылга карата бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы пландалган, бирок аягына чыга элек иш-чараларды жана долбоорлорду үстүбүздөгү жылдын аягына чейин толук жана сапаттуу жыйынтыктоо камсыз кылынсын.

-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн толтурулушун көзөмөлгө алуу жана бекитилген бюджеттик каражаттардын максаттуу, натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу күчөтүлсүн.

-Аймактагы ички жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, социалдык маселелерди чечүү жана жайыттарды туура пайдалануу багытындагы иштер ырааттуу улантылсын.

        3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жеке ишкер О.Ш. Баялиевага «Саячык » көмүр көрүнүшүнөн казуу иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын

2026-жылдын 13 октябры

Т О К Т О М У

№7/2

Жеке ишкер О.Ш. Баялиевага «Саячык » көмүр көрүнүшүнөн казуу иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле жеке ишкер Баялиева Орозохан Шаршеновнанын кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген №6835 СЕ лицензиясын жана 2026-жылдын 7-сентябрындагы №3 Лицензиялык келишимин карап чыгып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жеке ишкер Баялиева Орозохан Шаршеновнага «Саячык» көмүр көрүнүшүнүн “Промежуточный” катмарынан көмүр казуу иштерин жүргүзүүсү үчүн 4,08 (төрт бүтүн жүздөн сегиз) гектар аянттагы өнөр жай багытындагы жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
  1. Жеке ишкер Баялиева Орозохан Шаршеновнага төмөнкү милдеттенмелер жүктөлсүн:

-Көмүр казуу иштерин бекитилген жана мамлекеттик экспертизалардан өткөн техникалык долбоордун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун ченемдеринин алкагында гана жүргүзүү;

       3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кемелов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жаран Назаров Амангелдинин 2,16 га табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жер участогунун ордуна башка жер аянтын бөлүү (алмаштыруу) жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын

2026-жылдын 13 октябры

Т О К Т О М У

№7/3

Жаран Назаров Амангелдинин 2,16 га табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган жер участогунун ордуна башка жер аянтын бөлүү (алмаштыруу) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Ала-Буга дарыясынын нугу бурулуп, суу каптоонун натыйжасында айыл тургуну Назаров Амангелдинин айыл чарба багытындагы жер аянтын Ала-Буга дарыясы жеп кеткендиги тууралуу тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жыйынтыктоочу актыларын, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кар-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Ала-Буга дарыясынын нугунун өзгөрүшүнөн улам жаран Назаров Амангелдинин  үй-бүлөсүнүн жеке менчигиндеги 2,16га айыл чарба багытындагы жер тилкесинин көпчүлүк бөлүгү жок болгондугу (суу жеп кеткендиги) таанылсын.
  1. Жаран Назаров Амангелдинин 2,16 га табигый кырсыктын кесепетинен жараксыз болуп калган жер аянтынын ордуна, айыл чарба багытындага бош жаткан жерлеринин фондунан көлөмү 2,16 га ченемдеги айыл чарба багытындагы жер участогу бөлүнүп берилсин (алмаштырылсын).
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тийиштүү укук белгилөөчү документтерди (Мамлекеттик актыны) кайра тариздөө жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  1. Жаран Назаров Амангелдинин  Ала-Буга дарыясынын суусу жеген жердин калган эски жер тилкесинин калган бөлүгүнө болгон менчик укугу Кыргыз Республикасынын   Жер кодексинин 63-беренесинин 4-6-пункттарына ылайык токтотулсун.
  1. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жаран Назаров Амангелди  менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкелерин алмаштыруу келишимин түзүү жана өткөрүп берүү-кабыл алуу иш аракеттерин жүргүзүү милдети  жүктөлсүн.
  1. Жаран Назаров Амангелдиге Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу                  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                  Ак-Талаа  филиалынан     жаңы жер тилкесине болгон укукту мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү сунушталсын.