2025-08-27 Кара-Бүргөн айыл өкмөтү | 2025-08-27 күнү жарыя болгон токтомдор

2025-08-27 күнү жарыя болгон токтомдор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Ак-Чий айылындагы

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 14/1
18-август-2025
Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасына көрүнүктүү жазуучу жана коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасынын жалпы жамаатынын 2025-жылдын 15-июлундагы №1 протоколунун негизинде, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

1. Ак-Чий айылындагы "Нур-Эл" бала бакчасына көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин

2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Жаңы-Тилек айылындагы

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 14/2
18-август-2025
Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Корчубек Акназаровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын сунушунун негизинде, ошондой эле Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасынын жамаатынын сунушун эске алуу менен, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. Жаңы-Тилек айылындагы "Нур-Ал" бала бакчасына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Корчубек Акназаровдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
  1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана тиешелүү мамлекеттик   органдарга бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Кара-Бүргөн айылынын тургундарынын 2025-жылдын 8-апрелинде №9 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 14/3
18-август-2025
Кара-Бүргөн айылынын тургундарынын 2025-жылдын 8-апрелинде №9 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 8-апрелиндеги №9 Кара-Бүргөн айылынын тургундарынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди карап чыгып, жазгы айдап-себүү, чөп чабуу өнөктүгү жана жайлоого көчүп-конуу мезгилине байланыштуу айыл тургундарынын сунуштарын, айыл турмушунун шарттарын эске алуу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

1.      Төмөнкү сунушталган тарифтер жана тартиптер 2025–2026-2027-жылдар аралыгында Кара-Бүргөн айылынын тургундарына колдонууга сунуш кылынсын.

Айдап-себүү иштери (1 га үчүн):

Жер түрү

Айдоо

Малалоо

Себүү

Жалпысы

Күйүүчү май

Мурун айдалган жер

1700 сом

900 сом

900 сом

3500 сом

50 литр

Жаңы айдалып жаткан жер

2200 сом

900 сом

900 сом

4000 сом

50 литр

  • Шакап салуу – 100 сом жана 3 литр күйүүчү май

Сугат иштери:

Түшүндүрмө

Акысы

Жер сугат (1 га)

2200 сом

Кара-сугат (1 га)

3500 сом

 

Чөп чабык иштери:

Кызмат

Акысы

Жатка (1 га)

1500 сом жана 10 литр күйүүчү май

Пресс (1 даана)

13 сом жана 10 литр күйүүчү май

Жазгы сугат иштеринде айдалуучу жерлердин сугаты бүтмөйүнчө башка сугат иштери жүргүзүлбөсүн — деп сунушталсын.

Ар жылдын  25-апрелинен баштап Кара-Бүргөн айыл аймагында коомдук корук уюштурулушу сунушталсын.

Бадачы акысы жана жайыт пайдалануу тартиби төмөнкүдөй сунушталсын:

Бада акысы (жылдык):

Мал түрү

Акысы

Ири мүйүздүү мал

600 сом

Майда жандык (кой, эчки, козу, улак)

80 сом

Жылкы

Мал ээси менен бадачы өз ара сүйлөшүү жолу менен макулдашат

 

Жайыт акысы (жылдык) бекитилсин.

Мал түрү

Акысы

Жылкы

100 сом

Уй

100 сом

Топоз

100 сом

Кой, эчки

20 сом

 

Мал жоготууга байланыштуу жоопкерчилик:

Мал түрү

Бадачы төлөй турган сумма

Козу

8 000 сом

Кой

12 000 сом

Торпок

35 000 сом

Уй

60 000 сом

Кулун

30 000 сом

Жылкы

75 000 сом

Эгерде мал оорудан же табигый кырсыктан өлсө, ал далил менен тастыкталса, бадачы жоопкерчилик тартпайт.

Көчүп-конуу мөөнөтү төмөнкүдөй сунушталсын:

  • Орто жайлоолорго көчүү – Ар жылдын  1-майына чейин
  • Сырт жайлоолорго – Ар жылдын  1-июнунан 1-октябрына чейин
  • Мал 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармалышы сунушталат

Ар жылдын 1-июнунан баштап орто жайлоолордо калган кароосуз малдарга дыйкандар тарабынан мал камак уюштурулушу сунушталсын.

2.      Кабыл алынган тартипти жана макулдашууларды бузган учурларда тиешелүү тараптар Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жоопко тартылары эскертилсин.

 

          3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын 2025-жылдын 9-апрелинде №10 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 14/4
18-август-2025
Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын 2025-жылдын 9-апрелинде №10 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 9-апрелиндеги №10 Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди карап чыгып, жазгы айдап-себүү, чөп чабуу өнөктүгү жана жайлоого көчүп-конуу мезгилине байланыштуу айыл тургундарынын сунуштарын, айыл турмушунун шарттарын эске алуу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. Төмөнкү сунушталган тарифтер жана тартиптер 2025–2026-2027-жылдар аралыгында Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарына колдонууга сунуш кылынсын.

Айдап-себүү иштери (1 га үчүн):

Жер түрү

Айдоо

Малалоо

Себүү

Жалпысы

Күйүүчү май

Мурун айдалган жер

2100 сом

800 сом

800 сом

3700 сом

45 литр

Жаңы айдалып жаткан жер

2100 сом

800 сом

800 сом

3700 сом

45 литр

  • Шакап салуу – 100 сом жана 3 литр күйүүчү май

Чөп чабык иштери:

Кызмат

Акысы

Жатка (1 га)

1300 сом жана 10 литр күйүүчү май

Пресс (1 даана)

15 сом жана 10 литр күйүүчү май

Бадачы акысы жана жайыт пайдалануу тартиби төмөнкүдөй сунушталсын:

Бада акысы (жылдык):

Мал түрү

Акысы

Ири мүйүздүү мал

500 сом

Майда жандык (кой, эчки, козу, улак)

80 сом

Жылкы

Жылкы ээлери өз ара сүйлөшүү жолу менен чечет

 

 

Жайыт акысы (жылдык) бекитилсин.

Мал түрү

Акысы

Жылкы

100 сом

Уй

100 сом

Топоз

100 сом

Кой, эчки

20 сом

 

Мал жоготууга байланыштуу жоопкерчилик:

Мал түрү

Бадачы төлөй турган сумма

Козу

8 000 сом

Кой

12 000 сом

Торпок

35 000 сом

Уй

60 000 сом

Кулун

30 000 сом

Жылкы

75 000 сом

Эгерде мал оорудан же табигый кырсыктан өлсө, ал далил менен тастыкталса, бадачы жоопкерчилик тартпайт.

Көчүп-конуу мөөнөтү төмөнкүдөй сунушталсын:

  • Орто жайлоолорго көчүү – Ар жылдын  1-майына чейин
  • Сырт жайлоолорго – Ар жылдын  1-июнунан 1-октябрына чейин
  • Мал 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармалышы сунушталат.

 

Орто жайлоолордо кароосуз калган мал үчүн чаралар:

  • Ар жылдын 01-июндан тартып орто жайлоолордо калган жана кароосуз жүргөн малдар дыйкандар тарабынан камакка алынат.
  • Айып салуу:

Мал түрү

Айып өлчөмү

Бодо мал

1000 сом / башына

Майда жандык

50 сом / башына

  1. Кабыл алынган тартипти жана макулдашууларды бузган учурларда тиешелүү тараптар Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жоопко тартылары эскертилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАРЫН ОБЛУСУ
АК-ТАЛАА РАЙОНУ
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

2025-жылга карата оруп-жыйноочу комбайндын кызмат акысы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
АК-ТАЛИНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ КАРА-БУРГЕНСКОГО
АЙЫЛНОГО АЙМАКА



Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясынын
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылы
№ 14/5
18-август-2025
2025-жылга карата оруп-жыйноочу комбайндын кызмат акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле айыл аймакта айыл чарба иштеринин жүргүзүлүшүн жана тургундардын социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
  1. 2025-жылдагы түшүмдү оруп-жыйноо өнөктүгү учурунда айыл аймактагы жеке менчик оруп-жыйноочу комбайндын кызмат көрсөтүү акысын 1 (бир) га жер үчүн                  4 500 (төрт миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына тиешелүү муниципалдык менчиктеги комбайн тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы 1 (бир) га жер үчүн  4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Бул токтом айыл аймагындагы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө, тургундарга жана тиешелүү муниципалдык органдарга маалымдалсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин агрардык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов


Жиберилди: протоколго, айыл өкмөткө